Беслан трагедиясын иликтеген парламенттик комиссиянын бүгүнкүгө белгиленген ырасмий доклады кийинкиге жылдырылды. Комиссиянын башчысы Александр Торшиндин айтымында, көптөгөн суроолорго жооп табыла элек. Буга чейин Госдума депутаты Юрий Савьелев көптөгөн балдар атайын кызматтын күнөөсү менен өлдү деген өз иликтөөсүн жарыялаган.