Ал президент Жак Ширак жана канцлер Ангела Маркел менен жолугушаары күтүлүүдө. Аңгыча Москвага украин өкмөт башчысы Виктор Янукович келди. Ал бүгүн Орусиянын премьер- министри Михаил Фрадков, “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Украинага орус газын жеткирүү маселеси болмокчу.