Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

МУСУЛМАНДАРДЫН ЫЙЫК ОРОЗО АЙЫ БАШТАЛДЫ


Бүгүн арапа - ай башы. Эртең 24- сентябрда дүйнө мусулмандары үчүн ыйык 30 күндүк орозо айы башталат. Ислам дин өкүлдөрүнүн пикиринде мусулмандардын беш парзынын бири орозо айы- тынчтыктын, кечиримдүүлүктүн, ынтымактын, тазалануунун, ыймандуулуктун айы. Кыргыз коомчулугунун айрым өкүлдөрү тазалануу аракети бир жылда бир ай эмес, күн сайын, мүнөт сайын жадыбыздан чыкпоого тийиш, деген пикирде.

Акыркы жылдары өлкөдө орозо кармагандардын катары артып баратат. Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун айтымында орозо он эки айдын султаны, орозо айы рухий тазалануунун, ыймандуулуктун учуру. Жалпы мусулмандарды орозо айынын башталышы менен куттуктап мындай деди:

- Орозо айы тынчыктын, кечиримдүүлүктүн, ынтымактын, тазалануунун, ыймандуулуктун айы. Тамак ичүүдөн гана тыйылбай жаман адаттардан, кылык- жоруктардан, киши өлтүрүү, кыянаттык кылуудан да арылуунун өбөлгөсү. Бул айда таарынычтарды жөнгө салып,пейилди оңдоо менен жакшылыктарга умтулуу керек. Орозо ыйык айы менен жалпы мусулмандарды куттуктайм.

Жыйырма беш жылдан бери орозону үзбөй кармап келаткан 68 жаштагы Арзымат ажы орозонун ден соолукка да пайдалуу экенин кошумчалады.

Талас облусунун казысы Таалай ажы орозо кармоонун жол- жобосу тууралуу түшүндүрүп айтуу менен кимдер орозо тутуудан бошотулаарын билдирди:

- Орозонун алгачкы он күндүгүндө Аллаа таалам орозо кармагандарга ырыскы жаадырат, экинчи он күндүгүндө күнөөлөрүн кечирет, акыркы он күндүгүндө тозоктон алыс кылат. Орозону айызы келген аялдар, эмчектеги баласы бар энелер, боюнда бар жубайлар, ооруп ооруканада жаткандар, балакатка жете элек балдар жана алыска жол жүрүп мусаапыр болгон пенделер гана кармабай койсо улуксат. Калган бардык мусулмандар үчүн кармоо парз кылынган.

Евангелист машаякчы Жаныбек Жанузактын айтымында орозо кармоо инжилден башталган. Учурда орозо кармагандар көбөйгөнү менен ыйман жоголду, орозо дегенди айрымдар католиктердин "индульгенциясындай" көрөт. Отуз күнү тазаланып кармаса, бүт күнөөдөн арылып, атүгүл кадыртүндө таң ашыргандар түз эле бейишке чыгып кетиши мүмкүн деп базар экономикасындай соодалашканга өтүп алышкан.

- Орозо кармоо Библиядан башталган. Менимче, тозоктун кыл көпүрөсү так ушул дүйнөдө, образдуу айтканда. Так ушул дүйнөдө биз ошол кылкөпүрөдөн кыйшаңдабай, бирөөгө жамандык кылбай, бирөөнү өлтүрбөй, бирөөнүн кызын зордуктабай, бирөөгө жаман айтпай өтүшүбүз керек го дейм. Бу тазалануу аракети бир жылда бир ай эмес, күн сайын, мүнөт сайын жадыбыздан (эсибизден) чыкпоого тийиш.
Бир жылда бир жолу отуз күндүк орозо менен тазаланып койуу дегенибиз, барып турган ыпластыктын өзүн-өзү алдоо аракети. Орозодон кийин кайра жаман иштерге баруу бул анык наадандык,-
дейт Жаныбек Жанызак.

Бишкек шаарындагы 77-орто мектебинин мугалими Кыял Абдракманованын айтымында чоңдорду туурап орозо кармаган айрым окуучулар эртең менен соор ичпей калып сабакта олтуруп кулап калган учурлар да кездешет. Ошондуктан орозону ден соолукка зыян келтирбей кармашса деген пикирин айтат Кыял айым.


Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG