Маданий иш-чарага катышкан бөтөн улуттун уул-кыздары кыргызча ырдап-бийлеп, дастан айтып, өз тилине кайдигер адамдардын намысын козгошту.
Ханифа Узденова Жалалабаттагы орус мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагын окутат. Эжекенин белгилешинче башка улуттун балдары үчүн кыргызча окуу куралдары жетишсиз:
- Программа боюнча окуу китептери жок. Эски окуу китептерин колдонуп, сабакты ошо менен өтөбүз. Көргөзмө куралдарын өзүбүз даярдайбыз. Адабиятты билбей, кыргыздын тарыхын, басып өткөн жолун кайдан билсин балдар.
Бийлик өкүлдөрү өз эне тилин барктабаса, улуттук тилди башкалар сыйлабасын шаар тургуну Мамасали Эрматов байкаган:
- Мисалы, сессияда жалаң орусча сүйлөшөт. Жогорку жетекчилерибиз, министрлерибиз жалаң орусча сүйлөйт.
Эки жыл мурда Улуттар Уюму менен Кошмо штаттардагы тилдер ассоциациясы кыргыз тили жүз жыл аралыгында жоголуу коркунучунда турганын билдиргени бар. Жазуучулар союзунун облустагы төрагасы Асанбай Жусупбековдун сунушу боюнча мамлекеттик тилге кам көрүүнү балдар бакчалары менен мектептерден баштоо зарыл. Баш мыйзамдын долбоорлорунун биринде көрсөтүлгөндөй, орус тили Кыргызстанда расмий тилдин укугуна муктаж эмес:
- Ишти бала бакчадан, мектептен, жогорку окуу жайларынан башташ керек. Орус тили расмий тил богонунун кереги жок. Ансыз деле каалайбызбы- каалабайбызбы орус тили аркылуу байланыш түзөбүз. Балык башынан сасыйт болуп, Бишкектегилердин бардыгы кыргыздар эмес эле “киргиздер” болуп калышыптыр.
Орус тилине умтулуу зарылчылыктан келип чыгууда. Борбор шаар эле эмес, майда шаарларда да кыргыздар балдарын орус тилдүү мектептерге берүүгө көнүп калышкан. Майлуусуу шаарында кыргыз мектептери 1991-жылы эле пайда болгон, дейт шаар тургуну Акылбек Алиев:
- Көпчүлүккө баары бир, элге илгертеден калган кыргыздын тили керек. Орус тили жакшы экен деп эле бардыгы балдарын орус класстарга берип атат.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Мамлекеттик тил комиссиясы саясатташып баратканын айтышууда. Облустагы кыргыз тил комиссиясынын башчысы, акын Самидин Стамбековдун байкоосунда аймактарга каражат аз бөлүнгөнү менен жогорудан көрсөтмө буйрук берүү өнөкөтү кала элек:
- Тилди саясат кылып алды деп айтып аткандар да тил менен сүйлөшүп атат, борбордон ары чыкпай калып атат. Биз дагы жергиликтүү облустук, райондук, айылдык деңгээлдерге конкреттүү жардам берип, практикалык китептерди, эрежелерди, көрнөк-жарнактарды чыгарышыбыз керек.
Шаар тургуну Матлюба Сайдалиевага тил майрамына кыргыздардын катышпаганы таң калыштуу болду:
- Башка улуттун өкүлдөрү кыргызча сүйлөп, ырдап, бийлеп атышат. Ал эми чакырылган бийликтин өкүлдөрү келбегени мага таңкалыштуу. Эгерде адам өз тилин сүйсө, элин, мекенин да сүйүүсү зарыл.
Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат