Кыргыз президентинин Евробиримдиктин баш кеңсесине болчу сапарын БУУнун жыйындарына катышып жаткан Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Европа Комиссиясынын достук мамилелер боюнча башкы комиссары Бенита Ферреро-Вальднер менен жолугушууда талкуулады. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.