Бүгүн баштала турган конференцияда Борбор Азияда, Чыгыш Европада СПИДдин ВИЧ инфекциясын алдын алуунун мыйзамдык негиздери талкууланат. Конференцияга Орусия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Азербайжан өлкөлөрүнөн депутаттар катышаары күтүлүүдө. Жогорку Кеңештин демилгеси менен өтө турган бул конференцияга Борбор Азияда СПИДди көзөмөлдөө долбоору, «Трансатлантикалык өнөктөштөр СПИДге каршы», «Глобус» уюмдары колдоо көрсөтүүдө.