Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

13:30 Түрмөлөрдө нааразылык акциялары болушу мүмкүн


“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору таркаткан кайрылууда Кыргызстандын түрмөлөрүндө жакында нааразылык акциялары болушу мүмкүн экендиги айтылат. Наразылыктын чыгышына Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчилеринин коррупциялашканы, мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражаттардын уурдалышы, азык-түлүк алууда пайдасыз түзүлгөн келишимдер, абакта жаткандардын арасында жугуштуу оорулардын күчөшү себеп болот деп белгиленген. Аталган башкармалыктын учурдагы кредитордук карызы 57 млн. сомду түзгөн. Юстиция министри Марат Кайыпов абактагылардын нааразылык акциясына чыгышына негиз жок, бирок Каржы министрлиги абак жайларга каражатты убагында бербесе проблема болушу мүмкүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG