Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

ТОКТОМ ТОКУГАН ПАРЛАМЕНТ, АКАЕВ БАШКАРУУДА, ТАЛКАЛАНГАН ТАНДЕМ, “МАНАС” АЭРОПОРТУНДАГЫ ЖЕГИЧТЕР


ТОКТОМ ТОКУГАН ПАРЛАМЕНТ, АКАЕВ БАШКАРУУДА, ТАЛКАЛАНГАН ТАНДЕМ, “МАНАС” АЭРОПОРТУНДАГЫ ЖЕГИЧТЕР

“Агым”

“Сойломо жыландан ойломо жыландын уусу жаман” деген баш сөз менен чыкты. “токтомду го токудук, Бакиевди кантебиз?” деген парламентке фотоколлаж да берилди.

Генпрокурор Камбаралы Конгантиев менен Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов жубайлары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барышканын, жеке ишкерлер менен кандайча “сүйлөшкөнүн” иликтеген маалыматты журналисттер изилдеп жатышканын маалымдашты.

Өткөн жумада Жогорку кеңеш “Варшавада парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин кармалышынын фактысына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн саясый жагдай жөнүндөгү” токтомдун кабыл алынышы, андагы 12 пункт боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарын, добуш берүүгө 59 депутат катышканын ийне- жибине чейин толук жарыялады.

Жогорку кеңештин депутаты Муратбек Мукашевдин маегинде учурда өлкөнү Аскар Акаев башкаргандай болуп жатканын, башында Курманбек Бакиевди сындагандар азыр президент тарапка өтүп кетишкенин айтып, экономикалык саясатты, бийликти сынга алган пикирлерин айткан.

Парламентте Бакиев-Кулов тандеми антиконституциялык баа алып, кийинкисинде эл ишениминдеги коалициялык өкмөт түзүлсүн талабы кантип көпчүлук добуш менен өтүп кеткенинин түпкү максаты Феликс Куловдон парламенттин колу менен кутулуп, анын ордуна Данияр Үсөновду өкмөт башчысына алып келүү оюндары жүрүп жатканын журналист Сурат Жылкычиев талдоого алып, маалымдайт.

Коррупциянын ордосу болгон “Манас” аэропортундагы жетекчилердин миллиондогон каражатты кантип жешкенин иликтөөгө алган “Манас” аэропортунун чоңдору чо-оң жешеби?” деген макаласын жарыялады.
Миллиондогон ижара акылары кириштелбей сол чөнтөккө түшкөнүн, “Манас” аэропортунун вице-президенти Бакыт Сыдыковдун “Тойота” үлгүсүндөгү 5 машинаны кандай жол менен сатып алып, ортодо канча миң сомду жегенин уландысы менен жарыялай баштады.

“Кыргызстандын кайсыл тармагында коррупция кеңири жайлган?” деп суроо коюп, 100 адамдын жообун аныкташкан.

“ Кыргыз руху”

Президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчысы Феликс Куловдун тандеминен калк тажап бүткөнүн, тандем өз милдетин аткарбаганын жазып, парламент да тандемге каршы добуш бергенин талдоого алышты.
Информациялык согуштун аягы мамлекеттик төңкөрүш менен аяктаарын, учурда өлкөдө маалымат кармашы курчуп күч алып баратканын, жакшы умтулуулар саясый тирешүү менен коштолуп баратканын журналист Бекбосун Байтоков жазып, тынсызданат.

Журналист Гүлбаркын Якубованын “Эрегиштен эр өлөбү же эл толкуйбу?” деген макаласында элди саясатчылар экиге бөлүп, кайраштыра баштаганын айтып, эл толкуса көлдөй толкуп, деңиздей каптап кетээрин, орозонун бүтүшү менен дагы толкундоолор күч алаарын эскертет.

”Эркинтоо”

Өлкөнүн тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун БУУнун башкы ассамблеясынын 61 сессиясында сүйлөгөн созүн толугу менен жарыялады.

“МСН”

“МСН” гезити журналист Замир Өсөровдун оппозицияны, анын лидерлери, парламент депутаттары Азимбек Бекназаовду, Өмүрбек Текебаевди, Темир Сариевди сынга алган макаласына орун берди.

Орусиянын аскер- техникалык кызматташтык федералдык кызматынын директорунун орунбасары Александр Фомин Кыргызстандагы айрым аскер жабдууларын чыгарган ишканалардын акцияларын Орусия алып, “Жанар” , “Дастан” заводдорун иштетүүгө аракеттер көрүлүп жатканын, кыргыз аскерлерине техникалык жардамдар берилээрин айткан.

“Кыргыз туусу”

Орусиянын Ярослав облусундагы “Кыргызстан” совхозунун 30 жылдыгы тууралуу макала жарыялап, анын өсүп-өнүгүшү тууралуу баяндады.
Венгерия илимдер академиясынын кызматкери Дауд Каранын кыргыз тили, “Манас” эпосу тууралуу маегин жарыялады.

“Таң калганым, эки кыргыз уялбай эле орусча сүйлөшө беришет экен” дейт Дауд Кара.
XS
SM
MD
LG