Бул тууралуу бүгүн Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ырасмий кабарларда жаш балдар кооптуу илдетти медициналык ийне, же жараланган кан аркылуу жуктурганы айтылат. Түштүк Казакстан облусунун прокуратурасы чөлкөмдөгү саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн 3 жетекчиси жана алты догдурга каршы кылмыш иши козголгонун маалымдаган.