Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

УКРАИНАЛЫК РУСИНДЕР УЛУТ КАТАРЫ ТААНЫЛГЫСЫ КЕЛЕТ


Өткөн аптада Закарпатье облустук кеңеши украин президенти менен парламент төрагасына кайрылуу жолдоп, чөлкөмдү байырлаган русиндерге ырасмий түрдө улуттук азчылык статусун ыйгарууну өтүндү. Словакия жана Польшада жашаган русиндер ал жакта улуттук бирдик катары таанылган. Киевдик жетекчилер русиндерди украин улутуна кирген топ катары караштырат.

Украиналык русиндер улуттук бирдик катары таанылуу үчүн күрөшүн 15 жылдан бери жүргүзүп келатат. Буга чейин Закарпатье облустук кеңеши бул маселени украин бийликтеринин алдына эки ирет, 1992- жана 2002-жылы койгон, ырасмий Киев аны көз жаздымда калтырган.

Закарпатьелик русиндердин Элдик кеңеши бул ирет андай болбойт деп ишенет. Анткени, биринчиден, саргылт ыңкылаптын жардамы менен бийликке келген президент Ющенко демократиялык принциптерди жайылтуу аракетинде. Анын шарапаты менен русиндер украин өкмөтүнүн колдоосу астында бир нече маданий иш-чара өткөрүп, телерадиодо өз тилинде берүүлөр алып барып, русин маданияты менен тилин аздектеген жекшембилик 26 мектеп ачып алышты. Экинчиден, алардын кызыкчылыгын жакында эле президент Ющенконун администрация башчысы болуп дайындалган, русиндердин өкүлү Виктор Балоха ырасмий деңгээлде коргой алат деп үтүм этишет. Закарпатьелик русиндердин Элдик кеңешинин төрагасы Федир Шандор русиндердин украиндерден айырмаланган тили менен маданиятын өнүктүрүү маанилүү экенин белгилейт.

- 2001-жылкы Эл каттоого ылайык, Закарпатьеде 10 миң 69 киши өзүлөрүн русинбиз деп жарыялашкан. Ошентип, ырасмий түрдө русиндердин улуту эч жерде катталбаса да, өзүлөрүн ушул элдин өкүлү деп эсептеген адамдар бар.

Адистердин айтымында, Украина, Словакия, Польша, АКШ жана Канадада жашаган русиндердин жалпы саны 1 жарым миллионго чамалаш. Бирок алар эч убакта өз алдынча мамлекет болбогондуктан, алардын улуттук өзгөчөлүгү улам барган сайын жоюлуп бараткандай. Тарыхта алар Карпат тоо кыркаларын байырлаган чыгыш славян эли катары көрсөтүлөт. Биринчи дүйнөлүк согушка дейре алар жашаган чөлкөм Австро-Венгрия империясына кирген. Ал согуштан кийин мурдагы Чехословакиянын чек араларын бойлой жашаган русиндердин өз тилинде мектептери, улуттук гимни жана театрлары болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Закарпатье чөлкөмү Советтер Союзуна кошулуп, русиндер – украин улутуна кирген топ катары таанылып калган. Москванын айтканынан чыкпаган Польша менен Словакия да ал кезде русиндерди украиндер деп каттаган.

Ошентсе да, украиндер арасында Илимдер академиясынын адабият институтун жетектеген Микола Жулинский сыяктуу русиндер – украин элинин ажырагыс бөлүгү дегендер аз эмес.

- Менимче, бул жерде Европалыктар туу туткан “ар бир киши өз улутун өзү аныктайт” деген принцип жарашпайт. Украина кылымдар бою бирдиктүү боло албай, ар кайсы бөлүгү ар башка империяга бөлүнүп калган. Русиндерди украиндерден бөлүп кароо натуура.

Русин элинин тарыхы менен маданиятын изилдеген илимпоздор Жулинскийдин пикири менен макул эмес. Алар мындан бир кылым гана мурдараак орустар да украиндер менен беларустарды орус элинин гана бир бөлүгү деп эсептегенин эске салышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG