Долбоордун бет ачаары бүгүн Бишкекте болот. Документти президенттин жардыгынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов баштаган жумушчу топ иштеп чыгып, президенттик администрацияга тапшырган. Кубатбек Байболовдун айтымында, долбоор аталган тармактарды түп-тамырынан бери реформалоо максатын көздөйт. Бирок, концепцияны президент толук колдоор-колдобосу азыр ачыктала элек.