Азыр жалпысынан эле дүйнөнүн ар башка мамлекеттериндеги аялдардын абалы жана алардын укуктарын коргоо боюнча кеңири кампания жүрүп жатат. Мисал үчүн, Пакистан же Ооганстанда эмгиче аялдарды намыс үчүн өлтүрүү деген илгерки адат бар. Анда - күйөсүнүн көзүнө чөп салган же үй-бүлөгө башка көлөкө түшүргөн аялды өлтүрүп салуу жөнүндө коомчулук, же уруу башчылары, же үй-бүлө өзү чогулуп, атайын чечим кабыл алат.
Кыргызстандагы абал боюнча докладды - Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман райтс вотч" уюму даярдаган жана ал 27-сентябрда жарыяланууда. Ал эми жыйырма бешинде, мисал үчүн, Грузиядагы аялдардын абалы тууралуу да доклад чыкты жана аны башка атактуу уюм - баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан "Эмнисти интернешнл" даярдаган.
Грузияда дагы эмгиче жаш кыздарды ала качуу адаты тирүү экен жана докладда - ал адат коомдо кеңири тарагандыктан, андай фактылар баарыга белгилүү болсо дагы, кылмыш ишин ачууга тартип коргоо уюмдары көп көңүлсүбөгөнү тууралуу айтылат, ошондуктан, андай адатка туш келгендер сөзсүз расми арыз жазып, бийликке кайрылышы керек деген сунуш айтылат.
Андан тышкары, үй-бүлөдөгү зомбучулукка Грузияда он миңдеген аял дуушар болгону тууралуу ар башка фактылар келтирилет. Абалдын Кыргызстандан айрымаланганы - Грузияда аялдардын укуктарын коргогон эки гана уюм бар деп айтылат, ошондуктан тиги же бул зомбучулук тууралуу коомчулук көпчүлүк учурларда кабардар да болбой калат. Кыргызстанда андай уюмдардын саны экиден көбүрөөк.
Кыргызстандагыдай эле, үй-бүлөдөгү зомбучулук боюнча Грузияда дагы атайын мыйзам бар, бирок ал үстүбүздөгү жылдын май айында гана кабыл алынган, ошондуктан докладда - бийлик ал мыйзамды кеңири колдонуп, коомчулуктагы маанайды өзгөртүүгө тийиш деп айтылат. Докладдын авторлорунун бири Анна Сандер-Плассманндын айтымында, бул мыйзам иштей башташ керек:
"Грузиядагы абалды өзгөртүүгө убакыт келди. Өткөн май айында үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу алгачкы мыйзам кабыл алынды жана маселе боюнча азыр улуттук план даярдалып жатат. Биз мындай демилгелердин ийгиликке жетишин каалайбыз. Биздин оюбузча, түзүлгөн ыңгайлуу абалдан толук пайдаланыш керек", - дейт Сандер-Плассманн.