Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫНЫН СЫНАГЫНДА ЖАПОНИЯЛЫК КЫЗДАР БАШ БАЙГЕНИ АЛДЫ


Жапониялык комузчу кыздардын “Сахна гүлү” тобу “Ырдайлы кыргыз ырларын” фестивалында “Керме тоо” жана “Чайкама” деген күүлөрдү аткарып, баш байгени жеңип алышты. "Бул ийгилик биз үчүн күтүүсүздөн болду, баш байгени жеңип алабыз деп ойлогон жок элек",- дешет топтун кыздары.

“Сахна гүлү” комузчулар тобу Кыргызстанда волонтер болуп иштеген жети жапон кыздан турат. Алар Жапониядан Кыргызстанга мектептерде сабак берүү үчүн атайын келишим менен келген ыктыярчылар. Кыздардын кээ бирлери дубандардагы мектептерге сабак берсе, кээ бирлери шаардын чет жакаларындагы мектептерде иштешет. Ал эми кандайча комуз чертип калгандыктары туурасында комузчу кыздардын бири Нацко Шинзава мындай деди:

-Бизден мурун келген жапон кыздын комуз черткенин көрүп кызыгып, биз дагы үйрөнүп баштаганбыз.

-Комузду үйрөнүү оңой эле болдубу?

-Нота менен, анан оңой күү менен баштаса жеңил эле болот экен. Ошондой эле көп аракет кылыш керек. Сабак берген эжебиз дагы жакшы үйрөтөт.

Чыгармачыл топтун аты “Сахна гүлү” деп “Ордо сахна” тобундай белгилүү бололу деген ниет менен коюлган.

-Биз топтун атын коюуда жетекчибиз менен бир сааттай талкуулап, анан “Ордо сахна” тобундай атактуу бололу деп, бир жагынан баарыбыз кыздар болгондуктан ушул атты ылайык деп таптык,-деди Юмико.

Топтун репертуарында “Жаштар Маршы”, “Паравоз”,
“Шыңгырама” , “Чоң кербез” жана башка күүлөр бар.

Комузчу кыздардын бири Юмико кыргызча да ырдайт. Маселен “Ырдайлы кыргыз ырларын” фестивалында ал Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери” аттуу ырды тартуулады. Бул ырды Юмикого чогуу иштеген кесиптештери үйрөтүшкөн. Учурда дагы башка кыргызча ырларды үйрөнүүдө. Ошондой эле топтун башка кыздарынын дагы кыргызча ырларды ырдасак деген ниеттери бар. Мындан сырткары башка бир катар кыргыз күүлөрүн үйрөнсөк дешет.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG