Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

БОРБОРДУК МЕЧИТ КУРУЛАРЫ АНЫКПЫ?


Бишкек шаарында борбордук ири мечит куруу үчүн мындан беш ай мурун Ленинград-Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен 6 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анткен менен алигиче курулуш иштери баштала элек.

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин деректири Жолборс Жоробеков Бишкекте курулчу борбордук мечит үчүн негизги инвестиция ушу сентябрь айынын башында иш сапар менен Кыргызстанга келген Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын баш катчысы Абдулла Абдулмухсин Ат-Туркиден гана күтүлүп жаткандыгын айтты.

-Ал киши Кыргыз Республикасынын Президентинин, мамлекеттик катчысынын атайын кабыл алууларында болгон кезде да борбордук мечиттин курулушуна жардам берерин айтты. Ушу маселе боюнча Саударабстандын Королуна кирерин да билдирди. Биздин үмүтүбүз чоң, анткени а киши Королдун эң жакын адамдарынан болуп эсептелет.

Жолборс Жоробековдун андан аркы сөзүнө караганда, Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын баш катчысы Абдулла Абдулмухсин Ат-Турки мечит курулушунун толук чыгымын көтөрөбү же жарым-жартылайбы – белгисиз. Андыктан ал канча көлөмдө жардам берерин билдиргенден кийин гана башка кошумча инвестиция издей башташат.

Ал эми долбоору толук чийилип, макетинен бери жасалып коюлган болочок мечитке 12 миллион доллардан ашык каражат керектиги да эсептелип чыгылган.

Дал ушул сентябрда гана инвестор тартуу аракети жүргөн Бишкек шаарынын болочок борбордук мечити үчүн жер аянтын тиешелүү кишилер өлкө Президенти Курманбек Бакиевге чейин арызданып жатышып, өтө шаштыруу менен бөлдүрүп алышкандыгын Бишкек шаарынын вице мэри жана башкы архитектору Каныбек Нарбаев белгилеп өттү.

-Беш айдан бери ал жерде курулуш баштоого байланыштуу бир дагы кыймыл жүрбөгөндүгү бизди таң калтырат.

Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов Бишкекке зор көлөмдөгү борбордук мечит өтө зарыл экендигин мындай жүйө менен бышыктады:

-Азыркы Гоголь-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечитибизге жума күндөрү 6 миңдей мусулман намазга жыгылат. Ошолордун 2 миңи гана үстү жабык жерде намаз окуйт, калгандары бүт ачык асман астында калышат. Күн чакырайып ысып турган кездеги, жаан жаап турган кездеги биздин мусулмандарыбызды элестете бериңиз.

Болочок мечит 10 миң мусулмандын бир убакта намазга жыгылышына туураланып долбоорлонгон. Анда ислам борбору, медресе, ал турсун автомашина коюлчу үстү жабык аялдамага чейин кошо салынат. Анткен менен азыркыга чейин курулуш иштеринин качан башталары таптакыр белгисиз. Бишкек шаарынын башкы архитектору Каныбек Нарбаев бөлүнүп берилген жер аянтында курулуш иштери бир жылга чейин сөзсүз башталышы талап этилерин, кечиге турган болсо шаардык мэрия жерди кайтарып аларын эскертти.

Борбордук мечит үчүн бөлүнүп берилген 6 гектар жер аянтына андай мыйзам коошпойт деп эсептегендер да бар.

Бишкек шаар тургуну Ырысмамет Талипов:"Жерди Президент бердиргенден кийин ким кайрып алмак эле? Курулуш ал жерде башталса – эки-үч жылга барып зорго башталат. Ошентип мыйзамды жетекчилерибиз өздөрү буздурат..."
XS
SM
MD
LG