Кылмыш чөйрөсүндө “авторитет” аталган Азис Батукаев колонияга которулса тополоң чыгат деп билдирди атайын прокурор Канат Мамакеев бүгүн маалымат жыйынында. Ошол эле учурда Юстиция министринин орун басары Сергей Зубков Батукаевдин абакка которулушунан тополоң чыгат деп тынчсызданууга эч кандай негиз жок экенин билдирди. Батукаев учурда Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.