Баткен районундагы Самаркандек айылынын 72 жаштагы тургуну өз үйүндө 12 жаштагы кызды зордуктап койгон деп айыпталууда. Бул тууралуу арыз менен облус ички иштер башкармалыгына жабырлануучунун эжеси кайрылган. Учурда облустук милиция териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыка» 27-сентябрь күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.