«Пирамиданын» шеф редактору Турат Бектеновдун айтымында түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз беш адам бүгүн кайрадан ишке кирери күтүлүп жаткан «Пирамида» телеканалынын телемунарасындагы жаңы аппаратураларды өрттөп, бир кызматкерин сабап кетишти. Окуя боюнча учурда Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери иштеп жатышат. Бирок, Аламүдүн районунун күзөт бөлүмү мындай факт каттала элек деп билдирди.