Энергетика тармагын тартипке келтирүүнүн бир гана жолу бар. Аны депутат Д.Садырбаев ташка тамга баскандай так айтып койгон: «Уурдаганды токтоткула!»
«Кырдаалдан чыгуунун жолу барбы,- деп суроо коет «Алас» гезитинде Алым Токтомушев.- Бар. Жеңил. Доке айткандай уурдаганды токтоткула! Эң негизгиси, жегенди токтоткула! Докенин тараза ташы оппозициячыл десеңиз, «Түндүкэлектр» ААК эмгек жамаатынын кайрылуусун которуп келтирели: «Велосипед ойлоп табуунун кереги жок,- деп жазат алар.- Тек электр тармагындагы талап-тоноону токтотуп, финансысын тартипке салып, алдым-жуттумдарды айдап чыгуу керек».
Кыргызстан жылына 13 миллиард сомдук электрэнергиясын өндүрүп, андан болгону 3 миллиард гана сом пайда табат, деп маалымдайт макала автору.
Укук коргоо тармагын реформалоо боюнча мамлекеттик концепция иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун маеги да ушул эле «Алас» гезитинде чыккан. Анын айтуусунда, Кыргызстанда 9 күч органы иштейт. «Булардын көпчүлүгүнүн аткарчу функциясы бирдей. Ошонүчүн «көп суур ийин казбайт» болуп, алар ишти чала аткарып, сурай келгенде бири-бирине шылтап чыга беришет. Мисалга аткезчиликти алалы. Ага каршы күрөшүү үчүн прокуратура, ИИМ, УКК, Финполиция ж.б. баарына укук берилип, милдет тагылган. Баарыле кызыл кагазын көзгө такап, контрабанда деген балакеттин артынан сая түшүп жүргөнсүйт. Бирок контрабанда азаймак турсун, кайра күчөп жатпайбы», дейт К.Байболов.
Коррупциянын Кыргызстанда чайлап-коолап кетишинен экономикалык өсүш болбой жатканы профессор Айылчы Сарыбаевдин маегинде баяндалган. «Коррупцияны ооздуктоодо депутаттардын ролу чоң болмок. Тилекке каршы, алардын басымдуу көпчүлүгү депутаттыкка сатылып же сатып алып шайланган», дейт А.Сарыбаев.
28-сентябрдагы «Айкын» гезитинде парламент депутаты Кубанычбек Исабековдун «Президент ыр-чыр болгондо эле кайрылып калчу болду» деген маеги жарыяланды. Анын айтуусунда, Көл жээгинен жерлерди жалаң казакстандык ишкерлер эмес, кытайлар, кореялыктар ж.б. баары алып жатат.
«Өзүбүздүн элге жер жетпей, жаштарыбыз башка жактарда соода кылып, курулуштарда иштеп жүргөндө, бирөөлөр келип жерди мыйзамсыз алганы туура эмес болууда. Ысыккөлдүн тегерегинде генералдык план жок, башаламан сатылууда»,- дейт К.Исабеков.
Лицензиясынан ажыраган жогорку окуу жайлардын күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган студенттерди башка окуу жайларга которуу иши аяктап калганы Кыргызстандын билим берүү, илим, жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун «Мен бала эмесмин» деген маегинде баяндалган. Ушул эле гезитте А.Акаевдин күйөө баласыныкы делинген «Центера Плюс» ишканасы тууралуу Н.Байгуловдун, ошондой эле мамлекеттик телекөрсөтүүнүн мурдагы жетекчиси Сыртбай Мусаевдин «Алысты көрө албаган саясат жүрүүдө» деген маегине орун берилген.
«Чын-чынында УТРК оң эле турат. Аны бери жактан эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып «оңдойбуз» дешүүдө. Ал жердеги эң негизги маселе жалпы саясат оңолуш керек. Жалпы жогорку саясат оңолмоюн Мусаевден онду, Молдокасымовдон онду алып барса деле эч нерсе жок. Себеби бизде жогорку жактан көзөмөл кылган «мамлекеттик машина» деген бар», дейт С.Мусаев.
«Лица» гезитинин жаңы санында депутат Мелис Эшимкановдун маеги жарыяланып, анда Орусиянын коопсуздук кызматынын издөөсүндө жүргөн Борис Березовскийдин Англиядан Кыргызстанга келген-келбегени иликтенип жатканы кабарланган. Президент К.Бакиевге импичмент жарыялоо жөнүндө дептутат Доронбек Садырбаевдин демилгесине токтолгон М.Эшимканов азыркы парламент андай кадамга бара албасын билдирген. «Депутаттар өзүн-өзү сактап калышы керек. Эч кимдин кылыч булгалап Чапаев болгусу жок. Ошондон Дооронбек Садырбаевдин демилгеси азырынча теориялык мүнөздө гана», - дейт М.Эшимканов.
Конституциянын жаңы долбоорунда сунуш кылынган парламенттик башкаруу формасында президентке хандык орун берилген. Мындай пикирин «Лица» гезитинде Кубатбек Байболов билдирген. Негизги максат өлкөдө жүрүп жаткан процесстерди демократиялаштыруу болчу. Бийлик бутактарынын укуктары так, тең бөлүнүшү керек болчу. Башкаруунун аралаш формасы сунуш кылынган вариант эң начары. Парламенттик, аралаш башкарууда премьер-министрдин кызматы жоюлуп калган. К.Байболовдун айтуусунда, ансыз аралаш системанын иштеши мүмкүн эмес.