Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

11:00 Курманбек Бакиев : «Кыргызстанга күчтүү аткаруу бийлиги бар Конституция керек»


Президенттин оюнча, парламенттик башкаруу формасы саясий элитасы такшалган өлкөлөрдө гана мыкты иштейт. Ошон үчүн Кыргызстанга азыркы тапта күчтүү аткаруу бийлигин орноткон Конституция керек. «Кыргызстанга дал азыркы реконструкция мезгилинде өлкөнүн алдында турган маселелерди ийгиликтүү чечүүгө жардамчы боло турган Конституция керек. Бул күчтүү аткаруу бийлиги бар Конституция болушу керек деп мен ишенем. Азыркы учурда биз үчүн биздин демократияны реалдуу маңыз менен байытуу, саясий системаны чыңдоо жана мамлекеттик башкаруунунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө ойлонгонубуз абдан маанилүү»,-деп баса белгиледи Курманбек Бакиев бүгүн өлкөнүн калкына айткан кайрылуу сөзүндө.

XS
SM
MD
LG