Ысыккөл райондук депутаттары көл жээктеги аукционго коюлган жерлер жергиликтүү депутаттардын макулдугусуз сатылбасын деген токтом чыгарды. Ал үчүн Ысыккөл районунда өзүнчө жер концепциясын иштеп чыгуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Райондук депутаттардын чечимин аким Турусбек Мансуров да колдоого алып, пайда берүүчү жерлерди сатуу жогорку жактагылардын энчисинде гана болуп аткандыгын ачыкка чыгарды.