“Теңир Тоо” радиосунун жетекчиси Даргүл Абдыкеримованын айтымында, сейфтен эмгек жамааты менен түзүлгөн эмгек келишимдери жана бланкалары жоголгон. Бирок, үналгы түйүнүнүн менеджеринин милдетин аткаруучу Чынара Орозказиева сейфте эч кандай документтер болгон эмес деп башкача маалымат билдирди. Анын айтымында, радиодо иштегендердин айрымдарына жыл башынан бери, айрымдарына апрель айынан бери эмгек акысы төлөнө элек. Бул окуяны Нарын шаардык укук коргоо органдары иликтей баштады. Ал эми үналгынын көпчүлүк жамааты белгисиз мөөнөткө иш таштады.