- Тармактын өкүлдөрү Туризмдин бүткүл дүйнөлүк күнүн кече Ысыккөлдө атайын жыйында белгиледиңиздер. Анда сыйлык ыйгаруулардан тышкары быйыл өтө ийгиликтүү делген турист сезондун сабактарынан улам байкалган кемчиликтер толук болбосо дагы, олуттууларынын үстүнөн келерки сезонго чейин иштөө жөнүндө да сөз болду го дейм?
- Кечээ Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү менен куттуктап, белегибизди берип келдик. Бирок мындан бир аз мурдарак 15-сентябрда көлдө биздин мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун, губернатордун катышуусу менен көлдө жылдын, туристтик сезондун жыйынтыгын чыгарып, ошол жерде көп чоң сөздөр болду.
Биринчиден, туристтик сезондун быйылкы жакшы жактары сөзсүз айтылды. Бирок ага карабастан бизде кемчиликтер көп болуп атат. Баарыбыз билебиз, быйылкы жылы ошонун бардыгын бизге күзгүдөй кылып көрсөтүп койду. Ошонун үстүнөн азыркы күндө сезонду 1-ноябрдан баштап иштейли деген чечимге келдик. 1-ноябрдан баштап эмдиги жылкы сезонго даярдана баштайбыз. Себеби өтө көп проблемалар бар экен.
Кыскача айта турган болсом, бизде тейлөө системасынын начардыгы, кадрдын жоктугу. Туристтик кадрды даярдаган бизде онго жакын жогорку окуу жайлары бар экен. Бирок бүгүнкү күнгө жетишерлик практикалык тажрыйбасы бар ортоңку жана төмөнкү кадрлардын жоктугу, бул биринчи маселе.
Экинчи маселе, баа боюнча башаламан болуп атат. Ар бири өзү билгендей баа коюп атат. Быйылкы жылы бизге аябай көп арызданып келишти. Орусиядан, Казакстандан, башка жактан келген эс алуучулар, бул эмне деген башаламандык, эмне үчүн мамлекеттик көзөмөл жок, жогорку сапаттагы тейлөө системасын сервистүү бербей туруп эле, буларын бааларын жогору көтөрүп атат, деп бизге чоң доомат коюп кетишти. Муну сөзсүз түрдө карашыбыз керек.
Ошон үчүн биз мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүп атабыз. Бул комиссияга ар бир тармактан өкүлдөр кирет. Булар мейманкалардын, эс алуучу жайлардын, пансионаттардын категориясын, классификациясын коюп, аныктап чыгат. Ошого жараша биз баасын коебуз. Алар өтө жогору планка кое алышпайт. Мунун дүйнөлүк өзүнүн жолу бар.
Негизгиси, бүгүнкү күндө экология боюнча, Ысыккөлдү булгоо боюнча, Ысыккөлдүн тазалыгын сактап калуу боюнча сөз жүрдү. Себеби азыр жаңы пансионаттар түшүп атат. Ошолордун бардыгын тазалай турган биосфердүү мекемелер жок экен. Келечекте көлдүн экологиясын бузуп алуу, жоготуп алуу коркунучу турат. Ошондуктан ушул жагында көп сөздөр болду.
Эмдиги жылы иштей турган бардык пансионаттардын, эс алуучу жайлардын санитардык нормасы болуш керек. Мыйзамдуу түрдө бардык нормаларга туш келе турган шартты түзүп, көлдү булгабоо жагын камсыздандыра турган болсо, анда паспорт, уруксат берилет.
- Сиз айтып аткан комиссия кезинде эс алуу жайлардын ээлери инвестициялык милдеттемелерин кандай аткарганын дагы текшерилет деген маалымат чынбы?
- Биз бул жагына кийлигишпейбиз. Бул мамлекеттик мүлк фондунун милдети. Биздин милдет, пансионаттардын классификацияларын тактоо, категорияларын берүү, ары жагына биз кийлигише албайбыз.
- Демек, классификациялар келерки сезонго чейин ыйгарылабы?
- Сөзсүз түрдө. 1-ноябрдан баштап биз бул ишти баштайбыз. Айтылган кемчиликтерди жоюп, эмдиги сезонго даяр болушубуз керек.