Бул иш чараларды 1916-жылкы кайгылуу окуяны эскерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын колдоосу менен Улуттук Илимдер академиясы жана Мамлекеттик тарых музейи уюштуруп жатат. Июлдун аягында атайын топ Бедел ашуусунда мерт болгон кыргыздардын сөөгүн чогултуп, жерге жашырып кайтышкан.