НАТОнун аскердик күчтөрү өз жоопкерчилигин кеңейтип, бүтүндөй Ооганстанды колго алмак болду. Бул тууралуу чечимди НАТОго кирген өлкөлөрдүн Коргоо министрлери Словенияда кабыл алышты. Жакынкы жумаларда НАТО аскерлери Ооганстандын бардык аймактарына жайгаштырыла баштайт.