Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

ТАЖИМАМАТ ШАБОЛОТОВ : РОССИЯДА ИШ ТАБЫЛАТ, БИРОК МЫЙЗАМ ЖОЛУ МЕНЕН КЕЛИШ КЕРЕК


Былтыр Кыргызстанда миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комиссия уюшулган. Анын атайын өкүлдөрү быйыл кыргызстандык эмгек мигранттары көп жайгашкан орусиялык региондордо иштей баштаган. Андай жумуш кандай үзүр берип атканы туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астындагы миграция маселесин тейлөчү бөлүмдүн жетекчиси Тажимамат Шаболотов кабарчыбыз Муса Мураталиевге айтып берген.

-Орусияда Кыргызстандан келген эмгек мигранттары кыйла бар. Биринчиден ушунун себеби эмнеде экенин айта кетсеңиз. Экинчиден алар көргөн күнү менен таанышсызбы, андай болсо, ошол тууралуу да кеп сала кетсеңиз.

- Былтыркы жылдан баштап Кыргызстанда миграция жана жумуштуулук боюнча комитет түзүлгөн. Ошонун өкүлчүлүгү бир эле Москвада эмес башка шаарларда да бар. Краснояр шаарында, Самара, Ростов-на-Дону жана Санк-Петербург шаарында бар. Андан сырткары Орусиянын он үч регионунда коомдук өкүлдөрү бар. Ошолор аркылуу да биз иштерди алып барып атабыз.

Быйылкы жылы биз Кыргызстанга беш миңден ашуун орунга (жумушчуларды табуу – ММ) сунуш жөнөттүк. Орусиянын региондорунда кайсы жеринде жумуш орундар бош болсо ошолорду ошолорду сүйлөшүү жолу менен алып анан Кыргызстанга сунуш жөнөтүп атабыз. Биздин максат Кыргызстандан эмгек мигранттарын топтоп, уюшкандыкка аларды бул жакка алып келип жумушка кийирип, иштетип, кийин кайра аларды кетирип туруу.

Буга дейре кыргыздар өздөрү - бирөөлөрү туугандары, бирөөлөрү тааныштары аркалуу келип алып - бул жерде кыйналыштарды тартып атышкан. Азыр биз быйылкы жылы, орто эсептен алганда, 2500 түн тегерегинде кыргызстандыктарды жумуш орун менен бул жерде камсыз кылдык. Ушул жакта жүргөндөрдү жумушка коюп атабыз.

Көп учурда биз кыргызстандыктар жүргөн жерлерге чыгып, алар менен жолугушуп: базарда болобу, курулушта болобу, айыл чарбада болобу - сүйлөшүп, бүгүнкү күндө алардын кандай кыйынчылыктары бар билип атабыз. Ошол жердеги жергиликтү бийликтегилер менен жолугушуп андай маселелерди чечүүгө аракет жасап, чечип да атабыз.

- Мырза, ошондой, өзүңүз барып сүйлөшүү өткөргөн жолугушуулардан мисал келтире кетсеңиз.

-Мен Орусиянын Ыраакы Чыгышына гана бара элекмин. Андан башка жерлерине бир эмес эки жолудан барып келдим. Жакынкы эле мисал. Биз 22-23-сентябрде Ярославл областында болуп келдик.

- Тажимамат мырза, жакында Кыргызстандын өкүмөт башчысы жетектеген делегация Ярославлге барганда кошо бардыңыздар го?

- И-и! Биз ага дейре барып уюштуруу ишин жасадык. Андан соң (делегация барганда – ММ) келишим түзүлдү. Кечээ күнү биз элчи экөбүз Тула облусуна барып келдик. Ошол жердеги кыргызстандыктарды таап, алар менен сүйлөштүк. Бул жактагы ишкерлер жана ишканалар (жетекчилери – ММ) менен жолугушуп мындан ары канча кыргызстандыктарды силер жумушка ала аласыңар деп аны тактадык.

Орусия федерациясы менен Кыргызстандын ортосунда канчалаган келишимдер бар. Биз эми Кыргызстандын обулустары менен Орусиянын обулустарын келишимге чыгарып атабыз. Түз байланышта болсо жакшы жыйынтык берет экен да.

- Тажимамат Тайгараевич! Азыркы туштагы бир чоң маселе коопсуздук менен байланыштуу болууда. Айрыкча Орусияда улутчулдук маанай ашынып бараткандыктан кээде мигранттарды өлтүрүп кеткен учур болуп атат. Ушул багыта кандай чаралар көрүлүп атат?

- Биздин орус туугандар башка мамлекеттин жарандарына салыштырганда кыргыздарга көз карашы жакшыраак. Укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөшкөндө алар айтып калат. Ишкерлер жана ишкана жетекчилери менен сүйлөшсөк алар: «Биринчи кезекте кыргызстандыктарды алабыз» дейт. «Эмнеге?» - десек. «Биринчиден кыргызстандыктар ишкер келишет. Экинчиден – мыйзам бузбайт. Тартипти жакшы кармашат. Үчүнчүдөн – чоң криминал менен алардын катыштыгы болбойт», - дешет.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга айтарым, эгерде орусиялык тарапка келип иштейм десе анда мурдагыдай өз алдынча эле келе бергенден этият болсок. Кыргызстандан чыкканда алар Орусиянын эмгек миграциясы боюнча эч маалыматы жок чыгышат. Ошол себептүү келген күндөн тартып кыйынчылыкка дуушар болуп атышат. Аны ошол жактап билип алып келишсе өзүнө жеңил болор эле.

Мамлекеттик миграция боюнча комитетке кайрылып ал аркылуу келип ишке орношсо ошондо туура болор эле.

- Тажимамат Тайгараевич! Комитеттин дарегин айта кетпейсизби. Бишкекте кайсы дарекке кайрылса болот? Ошто, Нарында, Талас, Көлдө андай кенсе кайсы жерде? Же бир эле Бишкектеби?

- Биринчиден миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитеттин түзүлүшү ар бир обулус, район, шаарларда бар. Ошол комитетке кайрылса алар айтып берет. Экинчиден, Бишкекте «тынымсыз байланышуу» телефондору иштейт. Качан болбосун комитеттин кызматкерлери кеңешин беришет. Ал эми Орусияга келип калгандары болсо бизге кайрылышса колдон келген жардамыбызды беребиз.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG