Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деп аталган уюм Кыргызстандын "Пирамида" сыналгысына каршы көрүлгөн аракеттерди кечээ күнү сынга алды жана бийликке кайрылып, күнөөлүлөрдү табууну талап кылды. Чүмбөт кийген төрт адам 28-сентябрга караган түнү "Пирамиданын" кеңсесине кирип, анын үч кызматкерин сабап, студияларды талкалап кеткен. Сыналгы дуушар болгон чыгаша 200 миң долларга жетет.