Казак президенти Нурсултан Назарбаев кечээ күнү Вашингтон шаарында АКШ президенти Жорж Буш менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы байланыштарды жана дүйнөдөгү абалды талкуулады. Буш Казакстанды мактап, анын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуууга умтулганына колдоо билдирди жана террорго каршы күрөшкө көрсөтүп жаткан көмөгүн жогору баалады. Адам укуктарын коргогон уюмдар жолугушуу алдында америкалык президентке кайрылып, Казакстандагы абал жөнүндө сын айтууга чакырган.