Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

АКИМЖАН ЖЭЭНБАЙ 60 ЖАШТА


Rөрүнүктүү композитор Акимжан Жээнбай Улуттук симфониялык музыканын алтын казнасын байыткан өзөгү элдик обондор, күүлөрдөн наар алган симфониялык поэмаларында, сүрөттөмөлөрүндө, күүлөрүндө калемдештеринен мазмуну, алган темалары, баяндаган окуялары, жазуу ыкмасы, стили, чеберчилиги жагынан асман менен жердей айырмаланат. Айрыкча Жээнбайдын чыгармачылык жүзү, изденүүсү, чоң сүрөткердиги “Күү дастан” аттуу симфониялык сүрөттөмөсүндө да таасын көрүндү.

-Авторго соңку жылдарда элдик салттуу обондордун, күүлөрдүн, дастандардын таасиринде симфониялык оркестр үчүн жазган “Күү дастан” аттуу чыгармаңызда эмнени баяндайын дедиңиз эле?.

- Менин баамымда күү менен дастан кыргыздын жанынан бүткөндөй. Өзүңүз билесиз мен композиторлор союзунун алдындагы фольклордук кабинетти он жылдай жетектеп келдим. Эл арасында көп жолу экспедицияларда фольклордун көптөгөн кооз үлгүлөрүн чогултуп жүрдүм. Ошондо дагы бир жолу кыргыз эли ырга, күүгө, санжырага бай экенине күбө болдум. Тилекке каршы азыр республикада элдик мурастарды, байлыктарды чогулткан мекеме жок. Бул мени аябай тынчсыздандырат, өтө өкүндүрөт. Бүгүнкү берүүдөн пайдаланып жогорку Акүйдө, маданият министрлигинде иштешкен агаларыбызга, инилерибизге айтарым, тезинен фольклорду чогултуyну, жазып алууну колго алышса, шашылыш түрдө чоң-чоң экспедицияларды уюштурушса дейм.

- Күү дастанда эмнени баяндайын дедиң эле?

- Азыр ойлосом патриоттук темадагы чыгармаларды көп жазыпмын. Бул жерде “Күү дастанда” сөз жок адамдын үнү, ыйы менен элимдин тагдырын баяндадым. Айрыкча элимдин басып өткөн турмушун берүүгө аракеттендим.

- Акимжан мырза, акыркы 2-3 жылдын ичинде фортепианонун, оркестрдин коштоосунда патриоттук ырларды, романстарды жазбай эле эмнегедир комуздун коштоосунда ар кандай темадагы ырларды көбүрөк жаза баштадың. Ага эмне себеп болду?

- Эмне себептен дегенде кыргыздын комузунун тембри өтө өзгөчө экен. Ырчы комуздун коштоосунда ырдаганда кыргызга канат бүткөндөй болот экен. Комуз менен ырчы ырдаганда үн да, кебете-кешпири да башкача болуп, көзү да фонардай болуп жанып турат экен.

Улуттук композитордук мектептен тарбияланган Жээнбай хор шыгыр жанрында жемиштүү эмгектенүүдө. Айрыкча ал а капелла (музыкалык аспаптардын коштоосусуз ырдалган) шыгырлардын бир нече кооз үлгүлөрүн жаратты. Автордун “Эстеликтер сүйлөйт”, “Согуш деген эмне”, “Аталар”, “Мекениңди сүй”, “Достук вальсы”, “Жарамазан”, “Каргыш сага согуш” аттуу шыгырлары а капелла хорунун алтын казнасына кошулду. Булардын обондорунун өзөктөрүнөн да элдик армандардын, кошоктордун, күүлөрдүн ыргактарын, кайрыктарын да угабыз.

- Акимжан мырза, бүгүнкү күндөгү жаш ырчылардын, обончулардын, музыканттардын ырдаган ырлары, чыгарган обондору, аткарган чыгармалары сизди чыныгы профессионал композитор катары ойлонтобу?

- Бизде таланттуу ырчылар, обончулар бар. Бирок, бизде акыркы кезде “киргиз” ырчылар, обончулар көп чыга баштады. Ырчылар сөздү туура айтып ырдашпайт. Обончулар болсо кыргыз обондорунун жыты жок батыштын обондорун туураган обон сөрөйлөрү көбөйдү. Буларды укканда жүрөгүм айланат. Себеби кыргыз болуп туруп кыргыздын тилин, дилин билбейт. Ошондуктан жаштардын концерттерин укканда кыжырым келет, жаным ачыйт.

Таанымал композитор симфониялык шыгыр, ыр, аваздык жанрдагы чыгармаларды жазуу менен бирге ар кандай аспаптар үчүн пьесаларды (күүлөрдү) да жаратты. Айрыкча автордун соңку мезгилде фортепиано үчүн жазган “Терме”, “Эскерме кербез”, “Чоң кербез” аттуу ж.б. пьесалары (күүлөрү) угуучулардын арасында зор кызыгууну туудуруп келүүдө.
XS
SM
MD
LG