АКШ Сенаты Мексика менен чек арага миңдеген чакырым жерге тосмо куруу жөнүндө мыйзам долбоорун бекитти. Мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү максатында бул мыйзамды мурда АКШ конгресси да колдоп берген. Мексика бийлиги болсо мындай кадам эки өлкө ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизет деп эскертти.