Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

АПТАНЫН МАДАНИЙ ТУРМУШУНДА НЕ ОКУЯЛАР БОЛДУ?


Бекмырза Рахман уулунун чыгармасынын негизинде тартылган “Министрдин кызынын махабаты” тасмасы Бишкектик көрүүчүлөргө тартууланды. Бул фильмде айылдан келген студент баланын башынан өткөн окуялары, кылмышкерлик, коррупция, сүйүү жана башка нерселер камтылган. Фильм “Жан” студиясы тарабынан Рустам Аташевдин режиссерлугу менен тартылган. Тасма көрүүчүлөрдүн суроосу менен Россия кинотеатрында эки жума көрсөтүлдү. Фильмди тарткан режиссер Рустам Аташов тасма тартылганга чейин эле эл жакшы кабыл аларына ишенгенин айтты.


-Бул чыгарма өзү негизинен жакшы чыгарма. Кино тартыла электе эле элге китеп аркылуу жетип калган. Андыктан анын киносун көрүү эл үчүн кызык. Ал эми мен китептен да кызыктуурак болсун деп, кошумча эпизоддорду коштум. Ишенгеним үчүн көрүүчүлөргө бир күндө эки ирет көрсөтүлдү.

Бул тасма Кыргызстандын бардык аймактарынын тургундарына тартууланат. Ал эми келерки жумада Жалал-Абад дубанынын тургундары күбө болушат.

Бул жумада көрүнүктүү обончу-ырчы, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мукан Рыскулбековдун ашы өткөрүлдү. Ага арналган эскерүү кече улуттук филармонияда өттү. Ага маданият министри Султан Раев баштаган бир катар маданий ишмерлер, маркумдун жакындары катышты. Кечеде алгач маркумдун чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Андан соң эскерүү сөздөрү айтылды. Алгачкы сөздү маданият министри Султан Раев алып, мындай деди.

-Мукан Рыскулбеков баарына тегиз караган, жөнөкөй адам эле. Ал чыгармачылыгында эч кандай мансапка да, наамга да умтулган жок. Мындай адамдар биздин арабызда өтө аз. Чыныгы чыгармачыл адамдар гана ошондой касиетке ээ.

Мына ушундай эскерүү сөздөрү маркумдун жакындары, чогуу иштеген кесиптештери тарабынан да айтылып өттү. Кечеде ошондой эле Мукан Рыскулбековдун ашына карата чыгарылган китептин бет ачары болду. Китепке маркумдун өзү менен бирге жүргөн курбуларынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эскерүүлөрү, ата-журт, мекенге арналган ырлары, махабат сүйүү ырлары жана балдарга арналган чыгармалары кирген. Бул эскерүү кечеде маркумдун обондору да белгилүү ырчылардын аткаруусунда жаңырды.


Жума күнү мамлекеттик тарых музейинде Үркүндүн 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда жаңы жаралган тарыхый адабияттар, жана жакынкы экспедиция учурунда тартылып алынган фотосүрөттөр, табылган буюмдар коюлду. Көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн бири «Замандаш» ассоциациянын жетекчиси Жума Абдуллаев менен маектешкенибизде ал мындай көргөзмөлөрдүн зарыл экендигин белгиледи: «Негизинен жыл сайын мындай көргөзмөлөрдү өткөрүп туруш керек. Бул биз үчүн чоң сабак да. Жакында эле Үркүндө курман болгондорго эстелик ачылбадыбы, биздин ассоциация дагы Маданият министрлиги менен биргеликте «Ажар» деген символикалуу эстеликти ачуу долбоорун сүйлөшүп жатабыз».

Бул көргөзмө менен катар илимий конференция болуп, анда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн саясий, социалдык жана экономикалык себептери туурасында илимий докладдар окулду.

Кинорежиссер Тынай Ибрагимов тарткан «Сүт» аттуу кыска метраждуу тасма КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн он бешинчи мааракелик «Киношок» кинофестивалына катышып, атайын байгеге ээ болуп кайтты. Оруссия, Өзбекстан, Казакстан, Украина, Эстония, Армения жана башка мамлекеттердин фильмдери көрсөтүлгөн бул фестивалда калыстар тобу Италия, Франция, Португалия, Швеция жана Грециядан келген киноишмерлер болгон. “Киношок” фестивалында мыкты деп табылган фильмдер дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде көрсөтүлөт, анын арасында Тынай Ибрагимовдун “Сүт” аттуу кыска метраждуу тасмасы да бар. Мындан сырткары бул тасма Ереванда өтүүчү “Алтын апельсин” эл аралык кинофестивалына, ошондой эле Беларуссиянын “Листопад” фестивалына катышмакчы.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG