Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

14:00 Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүүдө


27-сентябрда чек арадагы ок атышууга байланыштуу учурда Баткен облусу менен Тажикстандын Согду облусунун ортосундагы чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын «Азаттыкка» бүгүн облустук акимчиликтен кабарлашты. Алгачкы иликтөөлөр атышуу тажик атуулдарынын ич ара араздашуусунан чыкканын көрсөткөн. Бирок окуя Кыргызстандын аймагында болгону үчүн ишти эки тараптын укук коргоо органдары биргелешип териштирүүдө. Өткөн шаршембинин кечинде, Тажикстандын Исфара шаары менен Чорку айылын байланыштырган жолдун Баткендин Достук айылынан өтчү бөлүгүндө үч тажик жаранына ок атылып, экөө жаракат алган.

XS
SM
MD
LG