Бул иш бир нече күндүн ичинде бүтөөрүн НАТОнун маалымат кызматы билдирди. Ошону менен НАТО Ооганстандагы согуштук аракеттер үчүн жоопкерчиликтин көпчүлүгүн өзүнө алууда, бирок 8 миң чакты америкалык аскер АКШнын түз жетекчилиги астында кала бермекчи.