Бүгүн шаардык маданият бөлүмүнүн чыгармачыл кызматкерлери жумушка чыгышкан жок. Алар эмгек акынын тогуз айга гана эсептелингенине нааразылык билдиришүүдө. Шаардык каржы бөлүмүнүн маалыматына караганда мамлекеттик казынада каралган акча каражаты жыл аягына жетпейт. Эмгек акыга акча каражатын толук бөлүп берүү жөнүндө Маданият министрлигине, мэрияга, шаардык кеңешке жазган кайрылуулар жоопсуз калган. (KU)