Бул тууралуу кечээки маалымат жыйынында депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Депутат өткөн жылы түзүлгөн өкмөттүк комиссия 117 ишкананы Акаевдерге тиешелүү деп тапканын эскертип, эми ошол тизмедеги Акаевди Бакиев деп гана өзгөртүп койуу керек дейт. Азимбек Бекназаров ошондой эле кайсы ишкана качан, ким аркылуу өткөнүн, мурда кимге тиешелүү болгонун жана азыр кимге караштуу экенин ноябрда конкреттүү тизме менен жарыялаарын белгиледи. (SM)
9:00 Парламенттик комиссия Акаевден Бакиевдин үй-бүлөсүнө өткөн мүлктүн тизмесин эмки айда жарыялайт