Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

КЫРГЫЗ СҮРӨТ ӨНӨРҮ МАМЛЕКЕТТИК КОЛДООГО МУКТАЖ


Кыргызстан сүрөтчүлөр биримдигинин 300дөн ашуун мүчөсү бар. Алардын кырк пайызга чукулу өзүлөрүнүн өнөрканасы болбогондуктан ар кандай оор шарттарда чыгармчылыгын улантышууда. Ал эми өнөрканасы бар сүрөтчүлөр электр, ижара, суу жана башка акылардын кымбаттыгынан жабыр тартышууда. Сүрөтчүлөр биримдигинин төрагасы Таалай Курманов кыргыз сүрөтчүлөрү мамлекеттин колдоосуна муктаж, деген көз карашта.

Мурда сүрөтчүлөргө атайын мамлекеттик заказ берилип, өнөркана, боек, сүрөт тартууга керектүү материалдар менен толук камсыздалып келсе, базар экономикасынын шарданында ар кимиси «өз киндигин өздөрү кесип» калыптыр. Алардын көпчүлүгү жаңы агымга ыктап, чыгармачылыгын арттырып, үйбүлөсүн багуу үчүн чет өлкөлөргө убактылуу иштеп кетишсе, айрымдары башка мамлекеттерге жер оодарып кетишиптир. Бирок мурдагы сүрөтчүлүк ыкмасынан чыга албай «өлбө жаным өлбө», деп күн өткөргөн кыл калем чеберлери да бар экен.

«Коомчулукта мурда кадыр-барк күткөн сүрөтчүлөр учурда социалдык жактан корголбогон катмардын чөйрөсүнө кошулду»,- дейт сүрөтчүлөр биримдигинин төрагасы Таалай Курманов. Анын айтымында, чет мамлекеттерге көргөзмөлөрүн уюштуруп, «бутуна туруп» кеткен он чакты сүрөтчү гана бар. Көпчүлүгү жазган чыгармаларын коомчулукка көрсөтө албай, сатыкка өткөрө албай келишүүдө. Учурда сүрөтчү бир көргөзмө уюштуруш үчүн 7-8 миң доллар каражат жумшаса, анын кайрымы болбой калат экен.

Сүрөтчү Шарип Жайлообаевдин пикиринде, жергиликтүү жарандар сүрөт өнөрүнө маани беришпей калыптыр. Кыл калем чеберлеринин өнөрүн барктап, чыгармаларын сатып алуучулар чет өлкөдөн келгендер же башка улуттун өкүлдөрү.

Сүрөтчүлөр учурда мамлекеттин колдоосуна муктаж болуп, көркөм өнөр боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты, дейт Таалай Курманов:

"Бизге бийлик тарабынан жардам абдан керек болуп турат. Биз акчалай каражат сурабайбыз. Бизге мамлекет аркылуу чоң-чоң заказдарды берип, электр энергиясы, кошумча нарк салыгынан, бажы төлөмдөрүнөн жеңилдиктерди берсе бутубузга туруп кетет элек".

Курманов белгилегендей сүрөтчүлөр үчүн өнөркана абдан көйгөйлүү маселе болуп келүүдө. Ошондой эле чыгарма жазганга боек, кыл калем, картон жана башка керектүү материалдар эки эсе кымбат баада чет өлкөлөрдөн алынып келинүүдө. Сүрөтчүлөр учурда сатыкка дешип пейзаж, натюрморт сыяктуу сүрөттөрдү жазуу менен чектелип, чоң-чоң картиналар, тарыхый темаларга көңүл бурулбай калган.

Көпчүлүк сүрөткерлер картиналарын чет өлкөлөргө алып барууда жана туристерге сатканда бажы кызматы тарабынан кыйынчылыктарга дуушар болууда.

"Менин оюмча Бажыканадан өткөрүү боюнча сүрөтчүлөрдүн чыгармаларына байланыштуу иш чараны жеңилдетиш керек. Антпесе сүрөтчүлөрдүн жеке чыгармаларын мамлекеттин мүлкү дешип бажыканадан өткөрбөй коюшат. Биздин сүрөтчүлөрдүн картинасын сатып алган негизинен чет элдик жарандар. Алардын сатып алган сүрөттөрүн бажыканадан өткөрбөй коюшкандан кийин, Кыргызстандан экинчи сүрөт сатып алышпайт. Ошондуктан көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшү үчүн мамлекет сүрөтчүлөргө жардам көрсөтүш керек",-деди "Азия" сүрөт галереясынын директору Гүлмира Камалова.

Ал эми маданият министринин орун басары Тамара Обозованын айтымында, маданият боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү сунуштары даярдалып жатат, эгер аларды парламент кабыл алынса сүрөтчүлөргө бир кыйла жеңилдиктер болот.
XS
SM
MD
LG