Парламенттин коопсуздук жана маалымат саясаты боюнча комитети бүгүнкү жыйынында бул маселени талкууламакчы. 28-сентябрга караган түнү белгисиз төрт адам «Пирамида» телеканалынын телемунарасына коюлган жаңы жабдыктарды өрттөп, бир кызматкерин сабап кетишкен. Телеканал эки айга чукул убакыттан бери обого чыкпай турат. (SM)