Бул тууралуу «Азаттыкка» билдирген актриса Жыпариса Көчөрбаева талаптары аткарылмайын нааразылык акциясы токтобостугун белгиледи. Алты артист театрдын директору Кыргызбай Осмоновду кызматтан алуу талабы менен кечээ өкмөт үйүнүн алдына нааразылыкка чыгышкан. Ошол эле учурда театрдын чыгармачыл жамаатынын бир бөлүгү өз жетекчисин коргоого алууда. (SM)