Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

14:30 Орусиянын коргоо министри С.Иванов аскердик техникалык жардам тапшырды


Канттагы орус аскер базасы Кыргызстандын коопсуздугунун кепили экендиги, эки тараптуу аскерий кызматташтык дагы тереңдей тургандыгы бүгүн өкмөт башчы Феликс Кулов менен Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун жолугушуусунда белгиленди. Ивановдун айтымында, Орусия тарап кыргыз аскер күчтөрүнө жылыга техникалык жардам көрсөтүп турат. Ушул эле күнү Канттагы базада Орусиянын коргоо министри Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнө эки млн. долларлык аскердик техникалык жабдууларды тапшырды. (AJ)

XS
SM
MD
LG