Облустук милиция башкармасы «Хизб-ут-тахрир» партиясынын мыйзамсыз аракеттери боюнча 14 кылмыш ишин козгогон. Тогуз иш улуттук коопсуздук кызматынын кароосуна өткөрүп берилген. Жашыруун иштеген партиянын карамагына 824 киши өткөнү аныкталган. Бирок, областтык жетекчилердин баамында, бул диний партиянын максат мүдөөсүн жактоочулардын саны иш жүзүндө 15 миңден ашуун болушу мүмкүн. Жыл башынан «хизбутчулардын» халифат курууга чакырган 1740 баракчасы, 499 китеби, жүздөн ашык журнал менен брошюрасы,137 аудио, 20 видеотасмалары, ал түгүл «Калашников» автоматынын 5 огу табылган.( YA )