Маркс Мюллер Азаттыкка берген маалыматында башкы максаты жаңыдан уюшулган Баткен облусу менен жакындан танышуу экенин да айтты. Ушул эле күнү Маркс Мюллер Баткен облус башчысы Султан Айжигитов менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүү учурунда 2007-жылдан баштап ЕККУнун чегара маселелерин чечүүгө багытталган долбоорлорду колдоо үчүн каражат бөлүшү ыктымал экени айтылды. Бирок, Баткен губернаторунун айтымында, чегара маселелерине үчүнчү жактын аралашуусу кайрадан маселени татаалдаштырышы мүмкүн.