Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

ДИНИЙ УЮМДАР ЧОҢ САЯСАТКА КАТЫШУУГА ЖОЛ ИЗДӨӨДӨ


Эксперттердин баамында, Кыргызстанда диндин маани-маңызы артып баратканы диний саясий партиянын жаралышына жол чабууда. Дин ишмерлери өз кезегинде диний партияларды түзүүнү мыйзамдаштырып, алар үчүн мамлекеттик чоң саясаттын эшигин ачууну сурана башташты. 4-октябрда Бишкекте маалымат жыйынына чогулган окумуштуулар менен дин кызматкерлери маселенин дал ушул жагын баса белгилешти.

“Эмне үчүн саясий күрөштөрдө көрүнүктүү лидерлер, ал тургай криминалдык структуралар мусулман электоратына айрыкча бөгүлүп-чөгүлүп кайрылат?” – деген суроо дин ишмерлеринин бүйрүн кызыткан маселе болду. Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы стратегиялык талдоо жана божомолдоо институтунун эксперти, философия илимдеринин кандидаты Кадыр Маликовдун пикиринде, бул каалайбызбы-каалабайбызбы, диний саясий партиянын уюштурулушуна бараткан жол.

“Манас жаңырыгы” телестудиясынын жетекчиси Темирбек Токтогазиев жакынкы келечекте диний саясий партия түзүүдөн чочулабаш керек экендигин, диний партия десе эле террорчулукту, экстремизмди түшүнбөш керектигин, аларды таза ислам өзү да жектээрин жана диний саясий партиялардын эсебинен да эртеңки күнү депутаттар шайланса заманбап иш болорун кеп кылды.

Мусулман аялдардын “Мутакалим” коомдук уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы азыркы конституция боюнча диний партияларды түзгөнгө мүмкүн эместигин белгилеп, анүчүн конституцияны жаңылап атканда диний партияларды мыйзамдаштыруу жагын эске алуу зарыл дейт.

Азыркы бийлик менен диндин карым-катышынын мүнөздүү мисалы катары эксперт Кадыр Маликов Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин буга чейинки иш стилин көрсөттү: “Бул агенттиктин милдети - мамлекет менен диний уюмдардын ортосунда арбитрлик кылыш керек эле. Тигилер болсо биринчи кезекте муфтияттын кадрдык маселелерине кийлигишип келди: кимдир бирөөнү кызматтан алып, четтетип...”

Ислам жана бийлик маелеси боюнча биз байланышка чыккан евангелист (машаякчы) Жаныбек Жанузактын жүйөөсүндө массалык маалымдоо каражаттарына, УТРКнын тажрыйбасындагыдай, бир диндин өкүлдөрү жетекчи болбош керек. Анда ал баары бир башка диндерди калыстык менен чагылдырбайт.

Чүй облусунун казысы Руслан Жумагулов учурда милиция деле, коопсуздук кызматы деле, башка укук коргоо органдары деле, өкмөт деле исламды минип-текшерүүгө алганына нааразы экенин айтты жана оболу мусулман динине карата ошол мамлекеттик бийликтин көз карашы оңдолсо деген тилегин билдирди.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG