Сот чечимине ылайык, аталган аймактын Түзбел шайлоо участкасында быйыл 25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттыгына үчүн кайра шайлоо өткөрүлгөн эле. Бирок талапкерлер Мамат Орозбаев менен Санжар Кадыралиевдин жактоочуларынын ортосунда тиреш күчөп, добуш берүү үзгүлтүккө учураган. БШК мүчөлөрү бул маселе боюнча буга дейре да бир канча ирет жыйын куруп, бир пикирге келе алган эмес. (SM)