Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

11:00 Жалалабат : Айыл өкмөт башчысын бошотууну талап кылган акция өтүүдө


Эки күндөн бери Жалалабат шаарында эки жүздөн ашык киши Ташбулак айыл өкмөт башчысы Тайкожо Гиязовду бошотууну талап кылып, областтык акимчиликтин жана прокуратуранын алдында турушат. Т. Гиязовдун бошотууларына ишенбеген аялдар бир нече ирет областтык акимчилик имаратына кирүүгө аракет кылышты. Аларга райондун акими Ж. Максүталиев чыгып сүйлөшүү жүргүзүүдө. Прокуратуранын маалыматына караганда, Т. Гиязов 2003-жылы 2,5 гектар аянтты жеке ишкерге берип, мамлекетке 3, 5 миллион сом зыян келтирген. Бул факты боюнча Финансы полициясы кылмыш ишин козгогон.(YA)

XS
SM
MD
LG