Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

10:30 7-октябрда Жалалабаттагы пахта заводунун алдында нааразылык акциясы өтүүдө


Пахта заводунун алдына эртең менен 200дой адам чогулду. Алар 6-октябрда күүгүм маалда заводдо болгон жаңжалды териштирүүнү талап кылышууда. Жума күнү кечинде заводдун мурунку ээлери 30-40тай белгисиз адамдар менен келишип,күзөтчүлөрдөн жана иштеп жаткан жумушчулардан заводду бошотууну талап кылышкан. Ага каршылык кылган күзөтчү менен эки аялга кол тийгизишкен.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келгенде заводдун жумушчулары чыгып кетишкен. Коомдук тартипти сактоо максатында 7-октябрь саат 10до өзгөчө отряддын жоокерлери заводго жетип келишти.

Жогорку сот 19-сентябрдагы олтурумунда "Кыргызпахта" жабык типтеги акционердик коомду каттаган Жалалабат шаардык мэриясынын токтомун жокко чыгарган. Жалалабат облусундагы райондор аралык жана Ош облустук сотторунун чечимин бузуп, бул маселе боюнча арызданууга негиз жок деп тапкан. Заводдун мурунку ээлери ошол чечимдин негизинде келген болуу керек деген маалыматтар айтылууда.

Ырысбай Абдураимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG