Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

17:00 «Коррупцияга каршы жарандык коому” курорттук аймакка түшкөн кирешелер боюнча Карой айылында талкуу жүргүздү


КАРАКОЛ. “Жарандык коом коррупцияга каршы ” коомдук уюмдун өкүлү Жылдыз Осмонканова аталган айыл өкмөттөгү жыйырмадай эс алуу жайдан түшчү кирешелер ошондой эле жер сатуу боюнча тергөө органдарына арыз түшкөнүн маалымдады. Эл алдына отчет берүү үчүн айыл өкмөт башчысы Жаныбек Осмонканов жана 15 депутаттын бирөө да келген жок. Ал эми каржы бөлүмүн тейлеген Алик Салмакеев айыл өкмөткө түшкөн каражат республика, облуска жана районго кетип, айылга 7 гана пайызы калаарын чечмеледи. Буга макул эместигин билдирген талкуу катышуучулары айыл өкмөттүн кирешесин республикалык жана жергиликтүү бюджетке гана жумшап, облус менен районго берүүнү токтотуу зарылдыгын белгиледи. “Коррупцияга каршы боюнча жарандык коом” жыйындын мындай чечимин Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жолдоду.

Рита Нурмамбет кызы

XS
SM
MD
LG