Орусия менен Грузиянын ортосундагы түзүлгөн кырдаалдын кыргыз мигранттарына тийчү кесепеттери, Орусиядагы мекендештерибиздин укугун коргоо маселелери бүгүн Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинде талкууланат. Бул туурасында Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспорасынын «Замандаш» ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаев «Азаттыкка» билдирди. (AJ)