Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

МИЛДЕТ БИЙИК – АТКАРЫЛЫШЫ АРСАР


Жаңы бийлик өткөн жылы Кыргызстандын экономикасы кургуйга биротоло кулап кетпегенине шүгүрчүлүк кылып, быйыл 8% өсүшкө ээ болобуз деп бир жыл илгери эле айта баштаган. Бирок өкмөт быйылкы жылдын экономикалык көрсөткүчү беш пайыздан бираз ашып берсе деле дурус болорун белгилөөдө.

«Кумтөр» алтын кенинде кырсык болбосо быйылкы экономикалык көрсөткүчтөр кыйла дурус болор эле дейт мамлекеттик жетекчилер. Алардын айтымында, кендеги кырсыктин жаңырыгы жалпы эле өлкөнүн экономикасына салакасын тийгизгени турат. Аны Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров мындайча мүнөздөйт:

-Эларалык валюта кору менен программаны кайра карап чыкканыбызда алар 5% эмес, 4% болуп калышы мүмкүн деген чечимге келип атышат. Биз бюджетти 5% менен эсептеп чыгалы, дагы өсүш болсо кошолу дегенбиз. Ошондуктан биз жыл аягына чейин 5% өсүшкө жетебиз го деп ойлоп жатабыз.

9 айдын ичинде сыртка товар ташып чыгаруунун көлөмү 500 миллионго жакын долларды түзсө, сырттан товар ташып келүүнүн көлөмү мындан эки эсеге көп болду. Инфляция деңгээли жыл аягына чейин 5% тегерегинде сакталышы күтүлүүдө.

Өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүнын чеке жылытпашынын олуттуу дегидей себеп-жөнү бар болчу. Ыңкылабы жок жылда деле өкмөттүн жүрөксүнүү менен алдына койгон ички дүң продукт көлөмүн 8% көтөрүү демилгеси кагазда гана калып калыш коркунучу турат. Мунун себеби, экономист Нурдин Жамангуловдун ырасташынча, экономикада структуралык өзгөрүүлөрдүн жоктугуна байланыштуу.

- Президент өткөн жылдын октябрында 8% деп тапшырманы алдыга жайганда эч ким каршы чыккан эмес. Президенттин кеңешчилери мындай өсүш болорун болжолдоп атышканда Кумтөрдө кырсык болорун ойлошкон эмес. Жерүйдүн алтыны казылып алына баштайт, дешкен. Бирок «Кумтөрдө» тоо катмары көчүп, ишенген «Жерүйдүн» алтынын алышка дагы кыйла убакыт бар экенине көздөрү жетип, министр менен өкмөт 8% болбойт дей башташты.

Анткен менен «Жерүй» кенинин айланасындагы чатакка азырынча чекит коюла элек. Премьер-министр Феликс Куловдун айтуусунда, инвесторлор эмдигиче кендин ээси ким экенин билбей башы катууда.

-Баары токтоду. Алар бул жерде ким жетекчи деп жатышат. Парламентпи? Ким менен сүйлөшүү керек? Инвесторлор келиштен чочулашат, билиш кыйын. Же биз силердин алдыңарда, элдин алдында, президент алдында жооп беребиз. Же дагы бир өкмөт түзөбүз да бардык чечимдерди силер аркылуу өткөрөбүз,- дейт Ф.Кулов.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков азыркы өкмөт экономикага караганда саясат менен көбүрөөк алектенип, убакты-саатынын көбүн ошол жакка жумшап жатат деген пикирде.

-Реформаны баштамайын эч качан өнүгүү болбойт. Мына өзүңүз карап көрүңүз, бир жарым жылдан бери ыңкылап, андай-мындай... Ал эми экономикага киришкен эч ким жок. Бүт эле саясат менен алек. Мына өкмөт толук курамы менен. Капа болушпасын...

Депутат Осмонбек Артыкбаевдин ырасташынча, эмдигиче өкмөттүн эң кирешелүү тармакка айланчу энергетиканы өнүктүрүү боюнча ачык-айкын программасы жок:

-Баары начар болуп турат. Ошонун баары энергетикага карата саясаттын туура эместигине байланыштуу.

Иши кылып саясий уу-дууну токтотуп, 2006-жылы жалаң экономика менен гана алектенүүнү суранып келген өкмөттүн аракети азырынча күтүлгөн натыйжаны бере элек.

XS
SM
MD
LG