«Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири Мелис Эшимканов пикет өкмөт үйүнүн алдында өтүп, ага саясий партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, журналисттер катышат деп билдирди. Пикет уюштурууга акыркы кездердеги маалымат каражаттарындагы жагдай, анын ичинде «Пирамида» телерадиокомпаниясына каршы жасалып жаткан кыянат иштер түрткү берген.(BuS)