Орус бийлиги издетип аткан Борис Березовскийди кармабагандыгы үчүн кыргыз бийлигине кабатыр экенин билдирип Россиянын Баш прокуратурасы Кыргызстанга кат жибергени чын болуп чыкты. Россиянын Башкы прокуратурасына Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жооп кайтарып, Березовскийдин Бишкекке келгени ырасталбаганын билдирген. Бирок, ошол эле учурда катта 29-июлда чартердик рейс менен Лондондон эки жүргүнчүсү менен «Глобал Экспо» учагы Бишкекке келгени да айтылат. Жүргүнчүлөрдүн ким экендиги тууралуу документ болгон эмес. 30-июлда ошол эле учак менен Валиев аттуу бир жүргүнчү Лондонго учуп кеткен. Бул тууралуу депутат Мелис Эшимканов маалымат таратты.