Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

Орусиялык сот өзбек качкынын депортациялоого каршы өкүм чыгарды


"Граждaнское общество" деп аталган укук коргоочу уюмдун билдиришинче, Түмөн аймактык соту өткөн жума күнү Орусиянын баш прокурору сурагандай, Байрамали Юсуповду мекенине кайтарууга каршы чыкты. 13 ай абакта отурган Юсупов сот залынан бошотулду. Аны диний экстремист деп айыптаган өзбек бийликтеринин талабы менен Юсупов 2005-жылдын августунда кармалган эле. Ошол эле мезгилде 4-октябрда Орусиянын миграция бийликтери Юсуповго качкын макамын берүүдөн баш тартты. Юсупов бул чечимди аппеляцияга бергени жатат.

XS
SM
MD
LG